Төраганын маалымат катчысы алмашты

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Фейсбук баракчасынан билдирди:
“Медиага: Урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз катчысы Элвира Темирдин ордуна Жоомарт Максатбеков дайындалды. Жоомарт буга чейин бир катар мамлекеттик мекемелерде жана жеке менчик телекомпанияларда коомчулук менен байланышуу долбоорлорун жетектеген. Прессага төраганын эшиги ар дайым ачык. Учурдан пайдаланып, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын атынан кесиптешим Эльвира Темирге терең ыраазычылык билдиремин. Эки жылдан ашуун кызматташуубуз учурунда Эльвира айымды абдан кесипкөй, жоопкерчиликтүү адис жана адамгерчиликтүү инсан катары тааныдык. Айрыкча, парламенттик кабарчылар менен кызматташууда ал жогорку чеберчиликти көрсөтө алды деп ойлойбуз. Ак эмгегиңизге ыракмат, Эльвира!”-дейт ал.




