Окуялар
Нарындагы төрөткананын кулпусун сындырып, обсервациядан качкан энелерге кылмыш иши козголду

Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүнөн анализдеринин жыйынтыгы толук чыга электе чыгып кеткен аялдар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 25-майда саат 12:10 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндөгү аялдар анализдери толук чыгып бүтө электе эшиктин кулпусун сындырып, обсервациялык пункттан чыгып кетишкен. Жалпы 18 аял кетип, 4 аял ошол жерде калышкан.
Бул окуя боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Жазык кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмү (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Abal.kg