Коом

ИИМ: Бишкек шаардык мэринин кеңешчиси Г. Алмамбетова тергөө кызматына суракка чакырылган эмес

Интернет-сайттарда Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г. Алмамбетова өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча ИИМге чакырылганы жөнүндө маалыматтар тарап жатат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын Комендатурасы тарабынан өткөрмө кагаздары берилген фактылар боюнча кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иликтөө, тактоо багытында ыкчам тергөө иш чараларыл жүргузүлүүдө.

2020-жылдын 29-апрелинде жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон  маалыматтарды ИИМге берүү боюнча атайын кат жиберилген.

Сотко чейинки өндүрүш учурунда  Г. Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн  күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г. Алмамбетова Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана анын бул боюнча билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button