Дүйнө

Белоруссияда коронавирустан каза болгондор көбөйүүдө. Жуктурганы 40 миңге жетти

Белоруссияда акыркы суткада дагы  5 киши коронавирустан каза тапты. Бул туурасында 28-майда жарыяланган республиканын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылган, деп билдирди EurAsia Daily маалымат агенттиги.

Өлкөдө бүгүнүк күнгө карата 39 858 кишиден Covid-19 коронавирус инфекциясы табылганы бышыкталган. Бул кечээкиге караганда 902 кишиге көп. Каза тапкандардын саны 219га жетти, 16 660 бейтап сакайган..

Республика бир миллион кишиге карата жуктургандардын саны боюнча, дүйнөдөгү эң алдыңкы 20 мамлекеттин ичине кирди.

Эскерте кетсек, 14-апрелде Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирус жок, бизге келбейт, келсе да андан эч ким өлбөйт, мен кепилдик берем деген. Бирок президенттин кепилдигине карабастан, 9, 5 миллион эли бар Белоруссияда эпидемия аябагандай кеңири жайылып жатат. КМШ мамлекеттеринин ичинде Россиядан кийинки экинчи орунда турат.   

Abal.kg 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button