Коом

Каратаев: Коронавирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусуна жеттик

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстан коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусуна жеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 28-майда Жогорку Кеңеште депутат Марлен Маматалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Бул тууралуу Азаттык сайты жазды.

«Коңшу мамлекеттерге жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу абалды туруктуу кармап калдык. Бирок ушуга да жеткизбесек болот эле. Биз ушул тапта коронавирустун жайылуу мөөнөтү боюнча туу чокуга чыктык. Азыр 1594 кишиден вирус табылып, 1066 адам айыкты», — деди Каратаев.

Май айынын акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйдү. 27-майда 52 кишиден, ал эми 28-майда 74 адамдан коронавирус табылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button