Пара алып кармалды деген маалыматка Калича Умуралиева өзү жооп берди

“Шаардык парк” муниципиалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы боюнча Sputnik агенттигине маалымат берген.
УКМКнын кызматкерлери кечээ, 28-майда, тинтүү жүргүзүшкөн. ЖМКлар кабарлагандай, атайын кызматтын өкүлдөрү аткаминерди пара алып жаткан жеринен кармаган. Бирок Умуралиеванын адвокаты мындай маалыматты четке кагып, анын кабинетинен белги коюлган купюралар табылбагандыгын билдирген.
“Тажибаев аттуу жигит келип келишим түзүп, аны бухгалтерияга жөнөткөм. Ал акчасын төлөп, кириштөө ордерин алган. УКМКнын кызматкерлери келип, текшерип баштаганда акча бухгалтериядан чыкты. Азыр иш уланып жатат”, — деди Умуралиева.
Жетекчинин айтымында, УКМКнын ага эмне доосу бар экенин билбейт.
“Түшкөн арыздын негизинде иш козгошкон. Бүгүн менимче беттештирүү болсо керек. Мен мындай иштерди жакшы биле бербейм. Кечээ сурак түнгө жакын бүттү”, — деди чиновник.
Кечээ Тажибаев аттуу жаран «Ынтымак» паркында велосипеддерди ижарага берүү боюнча коммерциялык түйүн ачуу тууралуу аталган ишкана менен келишим түзгөнү белгилүү болгон.
Анын айтымында, буга чейин прокуратура парктагы жерлерди арендага берүүгө болбой турганын айтып, эскертүү берген. Мындан улам Умуралиева Жарандык кодекстин негизинде парктардын аймагында коммерциялык ишмердүүлүккө жол берген келишимдерди иштеп чыккан айтат.
Умуралиева Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун буйругу менен 2019-жылдын 27-майында жаңы түзүлгөн “Шаардык парк” муниципиалдык ишканасынын директору болуп дайындалган. Аты айтып тургандай эле аталган ишкана Бишкектеги парктарды тейлейт.