Коом
Президент «Чолпон-Ата» эс алуу үйүн калыбына келтирүүнү тапшырды — Туманбаев

“Профсоюздар федерациясы иштетип келген пансионатты атайын банкрот кылып, жеке менчикке сатуу планы болгонун жергиликтүү активисттер айтышты», — деди Туманбаев.
Президенттин иш башкаруучусу пансионаттын абалы менен таанышып чыгып, толугу менен жараксыз абалга кептелгендигине өз көзү менен күбө болгон.
«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аталган пансионатты иштетүү боюнча иш-чаралардын планын түзүү башталды», — деп кошумчалады ал.



