Коом

Кадамжай районунда 10 ай ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан 17 кылмыш жасалып, баарынын бети ачылган

Кадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы ар бир орто мектептерге барып, мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштурууда.
Жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулукка жол бербөө, укук бузуулардын алдын алуу боюнча темалар козголуп, түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
Сабакка себепсиз келбей, акча табуу үчүн өз алдынча эмгекке тартылууларын алдын алуу, ар бир мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында соцпедагогдор менен биргеликте жыйналыштар уюштурулуп, эскертүүлөр берилүүдө.
Кадамжай районунун аймагында 10 ай ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан 17 кылмыш катталып, баарынын бети ачылган.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button