Окуялар

Милиция бөлүмүнөн качып кеткен 50 жаштагы киши кайра уурулук жасап кармалды

Камактан качып кеткен 50 жаштагы шектүү жаран Аламүдүн районунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу камактагы шектүү жаран качып кетип, издөө жарыяланган эле. 

Маалыматка ылайык, камактан качкан кишини Чүй ОИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери 7-июнга караган түнү болжол менен саат 00.31де кармашкан. Шектүү аталган районго караштуу жаңы конуштардын биринен  уурулук жасап жаткан жеринен кармалды деп айтылат маалыматта.

Кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн менен жабыркагандар болгон эмес. Ал дароо Ленин райондук ИИБ кызматкерлерине өткөрүп берилгени айтылды.

Кармалган учурда ал курсагы ачып,  уурулукка бир үйгө тамак ичкени киргенин айткан.

Abal.kg


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button