Коом

Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлеринен коронавирус аныкталды

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун бир кызматкеринен коронавирус табылды. Бул боюнча борбордун жетекчиси Акпай Сарыбаев билдирген.

Коронавирус табылган медицина кызматкери оорукананын лабораториясында иштечү.

«Аталган медик ооруканадан 12 адам менен байланышта болгон. Анын баарынан дароо эле коронавируска тест жасалып, анализдери таза чыкты. Булар лаборатория кызматкерлери болгондуктан, бейтаптар менен байланышта болгон эмес», — деди Сарыбаев.

Жетекчи оорукана кадимки тартипте эле иштеп жатканын айтып, лабораторияда бүгүн дезинфекция иштери жүрөрүн кошумчалады.

«Дезинфекциялоо аяктагандан кийин бүгүн кечинде эле ал жакка башка кызматкерлер келет. Лаборатория эртеңден баштап кайра иштей берет. Ал эми бейтап менен байланышта болгондор 12 күнгө үй карантинде болушат. Кайталап алынган анализдери таза чыккандан кийин кайра жумушка чыгышат «, — деди оорукана жетекчиси.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button