ЖК депутаты Алмазбек Батырбеков да мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Батырбеков өзү «Азаттыкка» билдирген.
«2015-жылы парламенттик шайлоого баратканда партия жаңы болуп, ар-кимибиз өз дараметибизге жараша шайлоо участкаларын алып, белгилүү бир добуш алуу үчүн иштегенбиз. Менден кийин келе турган Бейшенаалы Нурдинов деген агабыз Бишкекте иштеп, эң көп добуш алган. Бирок партиядагы кээ бир адамдар алган милдетин аткарбай калган учурлар болгон. Ошондуктан бул киши кезегин күтүп көпкө отуруп калды. Мен «кезегиңиз келсе мен ордумду бошотуп бергенге даярмын» деп айткан элем. Анан ал кишинин кезеги келгендиктен сөзгө туруп бошотуп бердим», – деп айткан ал.
Батырбеков мандатын тапшыруунун дагы бир себеби катары алдыда болчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү менен түшүндүргөн.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-июнда “Кыргызстан” фракциясынын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков да мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.



