Курсан Асанов: 2010-жылдагы июнь окуясы тарыхыбызда кара так менен жазылып калды
Ош окуясына быйыл туура 10 жыл толду. Кандуу кагылыш маалында Ошто комендант болуп иштеген, от күйгөн жерде өзү аралашып жүрүп, окуяны жон териси менен көрүп-сезген Курсан Асанов азыркыдай тынчтыктын, бейпилдиктин баа-баркы тууралуу өз оюн билдирди.
Асановдун билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
“2010-жылдагы июнь окуясы тарыхыбызда тилекке каршы кара так менен жазылып калды. Ошол кезде бир топ чагымчылдардын жана үчүнчү күчтөрдүн айынан канчалаган бейкүнөө адамдардын каны төгүлдү. Канчалаган энелердин, ата-энесинен ажыраган жаш балдардын, күйөөсүнөн ажыраган жесирлердин жана сакалын ак бубак баскан аталардын көз жашы бүгүнкү күнгө чейин менин көз алдымдан кетпейт.
2010-жылы июнь айында мен мына ушундай сезимди адамдардын көзүнөн көрүп, жүрөгүнөн туйдум. Анда алар үрөй учурган коркунучтан айласы кетип, аргасы түгөнүп, каңырыгы түтөп турган. Июндун ал ысык күндөрүндө бардык жактар өттөнүп, кара түтүнгө курчалып, өлүмдүн жыты каптап, кайсы үйгө барбайын кооптонуу, ишенбөөчүлүк, бакырык, ый өкүм сүрүп турган учур эле. Мындай учурда аларды эртеңки белгисиздиктин коркунучунан сактап кала турган ишеним жана үмүт керек болчу. Дал ушундай абалдагы адамдарды куткарууга, аларга жакшы жашоо болооруна ишеним берүүгө, абалды тез арада жөнгө салууга комендент катары болгон мүмкүнчүлүгүм менен иштедим.
Кыргызстандын бүтүндүгүн, биримдигин, туруктуулугун сактап калуу – бул эң негизги максат жана милдет болгон.
Бийлик, айрыкча жергиликтүү аксакалдар, элибиздин чыгаан уул-кыздары ал кырдаалдын запкыларын басууга, тынчтык менен бейпилдикти орнотууга астейдил аракеттерди жасашты. Үрөй учурган кырдаалды турукташтырууга менин да катышым жана салымым бар экендигине кубанам.
Мен ошол учурдагы Ош шаарынын коменданты катары кесиптештериме, ошол учурда жардамге келген күч түзүмдөрүнө, ардагерлерге жана кыйын учурда карапайым эл арасынан чыккан патриот уул-кыздарга, тынчтыкты, туруктуулукту орнотууга мага жакындан жардам бергендери үчүн терең ыраазычылык билдирип, таазим этем. Алардын эмгектери он жыл өтсө да унутулбайт!
Ал кыйын күндөр өттү. Кудайга шүгур, азыр жергебизде тынчтык, туруктуулук орноп, элибиздин биримдиги артты, ынтымагы бекемделди, асманыбыз кайрадан ачылды.
Бүгүн ал апааттуу окуядан бери он жыл өттү. Кылым карыткан Кыргыз элибиз жана жергебизде жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү тынчтык, бейпил жашоо канчалык кымбат экенин жон териси менен сезип, эч качан эми мындай каргашага жол бербесине терең ишенем!
Кыргызстаныма тынчтык, туруктуулук, ынтымак жана бейпил жашоо каалайм!
Урматым менен Курсан Асанов