Дүйнө

Швейцарияда адамдын жүзүн жаппай турган беткап ойлоп табышты

Бул беткап адамдын жүзүн жаппайт, экинчи жагынан дем алганга да оңой болот.

Швейцариянын материал иликтөө жана технологиялар федералдык лабораториясынын адистери, адамдын жүзүн таптакыр жаппай турган,  HelloMasks деп аталган медициналык беткап  ойлоп табышып, ага патент алып коюшту. Бул туурасында 11-июнда Новости Mail.ru билдирди.   

Бул беткаптар органикалык биомассадан – өтө ичке полимердик жиптерден жасалган. Мындай беткаптар салттуу беткаптардан кем эмес, ошол эле учурда чоң артыкчылыгы бар – айнектей тунуктугу — баары көрүнүп турат. Окумуштуулар мындай беткаптар ооруканаларда өтө керек болот, анткени адамды коркуткан, бетти жапкан азыркы беткаптарга караганда, врач менен бейтаптын ортосунда тыгыз контакт түзгөнгө жардам берет дешет. Андан тышкаары кулагы катуулап калган адамдарга да пайда алып келет – алар медиктердин мимикасы менен ээриндеринин кыймылынан бир нерселерди аныктай ала турган болушат, деп жазат Gizmodo.

Мындай беткаптар ооруканаларга кийинки жылдан баштап берилет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button