Коом
Окуучулар түз эфирге чыгып, мугалимди кемсинткен окуя боюнча териштирүү башталды

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар социалдык тармак аркылуу түз эфирге чыгып, мугалимди кемсинткен окуя боюнча маалымат берди.
Министрликтен билдиришкендей, видеону №91 мектеп-гимназиясынын окуучулары тартышкан. “Видеодо чынында эле мугалим. Учурда териштирүү жүрүп жатат. Мугалим корголууга тийиш”, — деп айтылат маалыматта.



