Саясат
Салкын Сарногоева: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору «ЖМК жөнүндө мыйзамга» тиешеси болбойт

Маданият, малымат жана туризм министрлигинин Маалымат департаментинин директору Салкын Сарногоева Аялдар форумунун онлайн жыйынындагы «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө жогорудагыдай билдирүү менен чыкты.
Анын пикиринде, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса тастыкталган , чындыкка дал келген, бирөөнүн ар-намысына шек келтирбеген маалыматты чыгарып, жайылтууга тыюу салынбайт. “Ага жараша аталган мыйзам долбоору “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга дагы тиешеси болбойт”, — дейт ал.
Abal.kg



