Коом
Бишкекте кырсыктаган окуучулар: автобусту сүзгөн маршрутканын айдоочусу комада

№4 оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков анын мээси жанчылып, жамбашы сынганын айтты.
Ал эми №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов реанимациядагы баланын абалында жылыш бар экенин билдирди.
«3 күн мурун 16 бала ооруканадын айыгып чыгышты. Азыр алтоо травматология бөлүмүндө, бирөө нейрохирургияда, дагы бир бала жандандыруу бөлүмүндө”, — деди дарыгер.



