Коом
Коронавирус. 95 кишиден аныкталды, бир адам каза болду

Бүгүн өлкө аймагында дагы 95 адамдан коронавирус чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек — 49;
- Чүй облусу — 14;
- Ош — 7;
- Ош облусу — 7;
- Баткен облусу — 1;
- Жалал-Абад облусу — 6;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 7.
Ушуну менен республика боюнча 2657 кишиден вирус аныкталды. Акыркы суткада дагы бир адам коронавирустан каза болду. 1947-жылы туулган адам оор абалында ооруканага жаткырылган, эки эки өпкөсүнөн пневмония болуп көз жумган.
Каза болгондордун жалпы саны 31 адамга жетти.
Abal.kg



