Окуялар

Сузактагы зомбулук. Аялын кордогон кишинин иши сотко жиберилди

Сузак районунда кордолгон аял боюнча иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдошу тарабынан мойнуна дөңгөлөк илинип кордолгон аял боюнча окуя Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен катталып, ал кайра Жазык кодексинин 144-беренесине (уруп-согуп кыйноо) которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү — Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган.

Бул факт Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан толук тергелип, шектүүгө Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button