Тойлордон кийин толтура коронавирус үй-бүлөлүк очоктору чыга баштады

Коронавирустун «үй-бүлөлүк» очоктору Нур-Султанда токтобой өсүп жатат. Медиктер проблеманы тойлордон көрүп атышат, анткени тойлорго толтура эл чогулат, деп билдирет NUR.KZ маалымат агенттиги.
COVID-19 менен Нур-Султанда сыркоолоп жаткандардын арасынан өтө жакын жана жакын туугандар кездеше баштады. Той өткөрүлгөндөн кийин эле дароо 5-7 адам ооруп калып жатышат. Бул тууралуу Sputnik Казакстанга шаардык медициналык тез жардам станциясынын директору Мурат Оразбаев айтып берген. Медик Нур-Султанда эпидемиялык абал өтө оорлоп кеткенин белгиледи. Июндун башынан тартып ооруканаларга кайрылуулар төрт эсе өскөн — күн сайын 4 миңге жакын. Орозбаевдин сөзүнө караганда «103» кызматына чалуулар эки эсеге көбөйгөн. Жуктуруулар кээ бир адамдардын жоопкерчиликсиздигинен улам болуп жатат, деди медик. Илдетке чалдыккандар карантин режимин сакташпай, тууган-туушкандары, жакындары менен көрүшүп, ошонун айынан дароо эле бүтүндөй бир топтон коронавирус чыгып калып жатат. Көпчүлүк учурда, мунун баары үй-бүлөлүк майрамдар жана той-топурлардан чыгып атат, деди медик.



