Саясат

Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты

Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

“Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин аралыктан жүргүзөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери да таза чыкканы белгиленди. Алардын да обочолонуусу уланууда.

Эскерте кетсек, Кечээ, 24-июнда, Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button