Дүйнө

COVID-19га каршы орус вакцинасын эмдеткендер өзүлөрүн жакшы сезип атышат

Коронавируска каршы вакцина эмдетишкен ыктырдуулардын сөздөрүнө караганда кадимки эле ийне сайганга окшош,  «витамин сайып койгондой» таасир калтырат экен дешет. Вакцинаны сыноого катышып жатышкан ыктыярдуулар эмдетишкенден кийин эч кандай кошумча эффекттер болбогонун айтышууда – баш ооруган жок, аппетит мыкты, кан басымы жайында  дешти алар. Бул туурасында 26-июнда РБК маалымдады.  

Коронавируска каршы вакцина эмдетишкен ыктыярдуулар өздөрүн жакшы сезишүүдө,организимдеринде  эч кандай өзгөрүүлөр, кошумча эффектер болгон жок деп жазды «Красная звезда» газетасы.

«Вакцинаны кантип куюшканын да сезген жокмун – ийиниме кадимкидей эле ийне сайгандай болду. Эч кандай симптом жок, температурам нормада — 36,6. Башым да ооруган жок. Аппетитиңер качат дешкен, тескерисинче тамакты мурдагыдан да көп жей баштадык. Ийне сайган жерде кичинкей кызыл чекит калды, ооруган да, ооруксундурган да жок», — деди ыктыярдуулардын бири Сергей.

Сыноого катышып жаткан дагы бир ыктыярдуу Николай дагы, эмделгенден кийин эч кандай өзгөрүүлөрдү сезбегенин айтты. «Кан басымы көтөрүлөт, дене табы ысыйт дешкен, эч нерсе болгон жок. Ушулардын айрым симптомдору болуп калышы мүмкүн деп эскертишкен. Баары жакшы аяктады», — деди ал.

Үчүнчү ыктыярдуу Юрийдин айтканына караганда эмделгенден кийин температурасы 36,6дан 36,7ге гана көтөрүлгөн. «Эч кандай кычышкан, кызарган да, ийне сайган жер шишген да жок. Витамин сайгандай эле болду», — деп айтты ал киши.

Коронавируска каршы вакциныны сыноону Россиянын Коргоо министрлиги  Н. Ф. Гамалей атындагы эпидемиология жана микробиология Улуттук  изилдөөчү борбору менен бирдикте,  Москвадагы Бурденко атындагы Башкы клиникалык аскер госпиталында өткөрүп жатышат. Биринчи ыктыярдуулар 18 июнда эмделишкен, бир жумадан кийин вакцинаны дагы 20 киши алышты. Сыноого катышып атышкандар эмделгенден кийин стационарда 28 күн болушат. Бул дармекти сыноону июлдун аягында бүткөрүү пландаштырылууда.  

Коронавируска каршы вакцина качан даяр болот?

Бурденко атындагы госпиталдан башка да дармекти клиникалык сыноодон өткөрүү Сеченов атындагы медуниверситетте да жүрүп жатат. Бирок алар ар түрдүү дармектерди сынашууда. Аскер госпиталында суюк вакцинаны сынап атышса, а медуниверситетте —порошок  түрүндөгүсүн сынашууда. Аны дароо эле ошол жерден эзип турушуп эмдешүүдө. Эки дармекти тең ыктыярдуулардын булчуң этине сайышууда.

Элди эмдей баштоо күздө башталат, деп жатышат орус бийликтери.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button