Коом

Коронавирус. Жалал-Абадда уулу менен энеси удаа каза болду

Кечээ, 26-июнь күнү, Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында коронавируска чалдыгып көз жумган 76 жаштагы аялдын буга чейин COVID жуккан уулу да каза болгон.

Анын билдиришинче, аял коронавирусту каза болгон 36 жаштагы баласынан жуктуруп алып, кечээ Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасында үзүлгөн. Учурда аны жерге берүүгө даярдык көрүлүп жатат. Коронавирус бул үй-бүлөнүн жалпы сегиз мүчөсүнө жуккан.

Эске сала кетсек, анын 36 жаштагы уулу коронавирустан 16-июнда каза болгон. Ал ооруну Бишкек шаарындагы базарлардын биринде мөмө-жемиш сатып иштеп жүргөндө жуктуруп алган. 11-июнда Жалал-Абадга куран окутууга келгенде илдеттин белгилери байкалып, оор абалда облустук ооруканага жеткирилген. Медиктердин аракетине карабастан каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, ал өз алдынча дарыланып жүрүп, илдетин күчөтүп жиберген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button