Ракка каршы дарылар коронавирус менен күрөшөт

Коронавирус, жабырланган клеткадан коңшу таза клеткага түрү суук манжаларга окшош жипти тартат, деп айтышты окумуштуулар. Ушунун жардамы менен инфекция организмде шишик сыяктуу тарала баштайт. Мунун негизинде, изилдөөчүлөр ракка каршы кээ бир дарылар, COVID-19 менен күрөшүүгө жардам берет деген ойдо болуп жатышат. Бул тууралуу 28-июнда Forbes жазып чыкты.
Ракка каршы кээ бир дарыларды коронавирусту дарылаганга пайдаланса болот. Сан-Францискодогу Калифорния университетинин окумуштуулары ушундай тыянакка келишти, деп жазат Financial Times.
Иликтөөөнүн учурунда адистер коронавирус менен жабырланган клеткадан таза клеткага «кейпи суук манжаларга» окшош узун жиптер тартылаарын аныкташкан. Окумуштуулар аны өтө кубаттуу электрондук микроскоптун жардамы менен тартып алышкан.
Долбоордун жетекчиси профессор Неван Крогандын сөзүнө караганда, бул жиптер башка клеткалардын кабыгын тешип салышат да, натыйжада вирус куурдун (труба) ичи менен кеткендей тарай баштайт.
«Биздин гипотеза боюнча, бул жугууну ылдамдатат», — деп белгиледи Кроган.
Америкалык иликтөөчүлөрдүн бул ачылышы, илдетке каршы күрөшө турган бир нече дарыны бөлүп алууга мүмкүнчүлүк берген. Алардын көпчүлүгү мурда ракты дарылоо үчүн чыгарылган.
Коронавирус менен сыркоологон бейтаптарды дарылоого жардам бере турган дармектердин катарына, окумуштуулар тайвандык компания Senhwa Biosciencesтин силмитасертиб дармегин кошуп жатышат. Иликтөөнүн авторлору коронавируска каршы күрөшө ала турган беш дарыны таап чыгышты.



