Коом

Данияр Абдылдаев: Мамлекет менен жеке сектор бирге аракеттенсе өнүгүү гана болот

Акыркы убакта коомчулукта мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпеген тармактарды мамлекеттик — жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу чечип, жакшы натыйжаларга жетишсе боло тургандыгы боюнча пикирлер арбын айтыла баштады. Мындай өнөктөштүк менен иш алып баруу буга чейин эле жүрүп жаткан экен. Ошолор тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик — жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев мындайча айтып берди:

-Эки тараптуу өнөктөштүк кандайча ишке ашат? Аны кандай мыйзамдар жөнгө салып турат?

Мамлекеттик — жеке өнөктөштүк – бул мамлекет менен жеке тармактын долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча өз ара иштешүүсү. Мамлекеттик -жеке өнөктөштүк боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, мамлекеттик — жеке өнөктөштүк мамлекеттик өнөк тарабынан инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, ошондой эле болгон же кайра түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттерди башкарууга же инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөтүүгө жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн өз-ара аракеттенүүсү болуп саналат.

Мамлекеттик — жеке өнөктөштүк мыйзамы алгач 2012-жылы кабыл алынган. Буга чейинки тажрыйбалар эске алынып мыйзамга толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилип, 2019-жылдын июль айында мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Мындай өнөктөштүктүн башкы максаты – мамлекет өзү олуттуу стратегиялык проблемаларга көңүл буруп, бир топ тармактарды жеке сектор аркылуу жолго салууну, аймактарды өнүктүрүүнү жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууну көздөйт.

-А мамлекет тарабынан кандай мекемелер өнөктөш боло алышат?

Мыйзамга ылайык аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун бир же бир нече мамлекеттик органдары мамлекеттик өнөк болууга укуктуу. Ал эми жеке өнөк кыргызстандык жеке же чет элдик физикалык жана юридикалык жактар боло алат.

-Азыркы учурда ушундай өнөктөштүк менен канча долбоор иштеп жатат? 

Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана туризм, транспорт, бажы логистикасы жана маданият тармагында 29 долбоор ар кандай стадияда иштеп жатат. Маселен, кээ бир долбоорлор демилгелөө менен бирге техникалык-экономикалык негиздеме же  тендер жарыялоо сыяктуу ар кандай баскычтарда ишке ашырылууда. Анын ичинен үч долбоор боюнча жеке өнөк аныкталып, келишимге кол коюлуп, ишке ашырылууда. Анын бири Германиянын “Фрезениус Медикал Кэйр” компаниясы менен «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» долбооруна 2017-жылы мамлекеттик — жеке өнөк келишими катары кол коюлган. Натыйжада Бишкекте эки борбор, Ош жана Жалал-Абад шаарларында бирден борбор курулуп, элге кызмат көрсөтүлүүдө. Мындай диализдик борборлордун ачылышы аймактардагы жана борбордогу жарандарыбызга кыйла сапаттуу кызмат көрсөтүп, медициналык жардамдын да жеткиликтүү жана сапаттуу болушун камсыз кылып жатат.

Экинчи долбоор боюнча мамлекеттик — жеке өнөктөштүк келишимине 2018-жылы кол коюлган. Келишимге ылайык союз учурундагы “Кызыл Кыргызстан” балдар театры (Бишкек шаарындагы цирктин артында жайгашкан) модеринизацияланат. Азыркы учурда курулуш иштери башталды.

Үчүнчү долбоор былтыр кол коюлган мамлекеттик — жеке өнөктөштүк келишимине ылайык, муниципалдык коомдук унааларга электрондук төлөм системасын  киргизүүгө швейцариялык компания инвестор катары тартылган. Декабрь айынан тартып айрым унааларда электрондук төлөм системалары пилоттук негизде иштеп баштаган. Азыр бул система толук ишке кирген.

-“Манас” эл аралык аэропортун жана Кыргызстандын ички аэропортторун да мамлекеттик-жеке өнөктөш долбоору менен өнүктүрүү демилгеси көптөн бери айтылып келет. Мындан кандай натыйжаларды күтүүгө болот?

-Буга чейин “Манас” аэропортуна инвестиция тартуу боюнча мамлекет тарабынан көптөгөн иш-аракеттер жасалган. Азыркы учурда, аэропорттун инфраструктурасын жаңыртып, кеңейтип жана зарыл болгон бардык жабдууларды эл аралык стандартка туура келе тургандай жаңылап чыгуу зарыл. Себеби, барган сайын жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө. Биздин географиялык ыңгайлуу шартыбызды колдонуп, «Манас» аэропорту эл аралык логистикалык кызматтарды көрсөтө ала турган Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны байланыштырган аймактык транзиттик карго-борборуна айланышы керек. 2023-жылга карата аба каттамдарынын борбору катары «Манас» аэропортун Борбор Азиядагы башкы аба хаб катары түзүү максаты бар.

Мындан тышкары, 2018-2022-жылдарга карата өкмөттүн программасында «Манас», «Ош», «Тамчы» аэропортторун модернизациялоону жана жаңылоону аяктоо каралган. Натыйжада эл аралык жана ички аба каттамдарынын, чакан авиациянын саны өсүп, эл аралык транзиттин ролу жогорулайт. 

Ошондуктан 2019-жылы өкмөт башчысынын буйругу менен бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага көз карандысыз эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, бизнес-ассоциациялар, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тартылган. Анын алкагында мамлекеттик — жеке өнөктөштүк боюнча өкмөткө кеңеш берүү боюнча тажрыйбасы мол Дүйнөлүк Банктын группасына кирген  Эл аралык каржы корпорациясы тандалып алынган. Бул компаниянын жардамы менен аэропортторду модернизациялоо боюнча долбоор иштелип чыгат. Ошондо кайсы аэропорт кандай шартта инвесторлорго берилүүсү белгилүү болот.

-Эки тараптуу мындай өнөктөштүк менен кайсы тармактарда иш алып барууга болбойт?

-Мындай өнөктөштүктүн жакшы жагы, мамлекеттик мүлк жеке секторго сатылбайт, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө гана колдонууга берилет. Бирок мыйзамга ылайык мамлекеттик — жеке өнөктөштүк менен иштөө үч тармакта: жер казынасын пайдаланууга, мамлекеттик сатып алууларга, менчиктештирүүгө колдонуу тыюу салынат. Ошондуктан мамлекеттик мүлк жеке тарапка менчикке өтүп кетпейт. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө долбоордун алкагында жаңы жабдуулар, жаңы технологиялар киргизилип, иштөө жакшыртылат. Мөөнөтү бүткөндөн кийин бардык жаңы инфраструктура жана жабдуулар мамлекеттин карамагына өткөрүп берилет.

-Мамлекет кандай шартта, канча мөөнөттөн кийин обьектини өзүнө кайтарып алат?

-Эгер аэропорттор боюнча айтсак, бул Эл аралык каржы корпорациясынын анализинен соң белгилүү болот. Анткени Эл аралык каржы корпорациясы адегенде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын бардык 11 аэропортун комплекстүү талдоо-изилдөө алкагында техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгат. Бул республикада бардык аэропорттук инфраструктураны системалуу өнүктүрүүгө негиз түзөт. Азыркы күндө 11 аэропорттун беши эл аралык, алтоо аймактык аэропорт деп саналат. Ошолорду кандай комбинация кылсак инвесторлорго кызыктуу болот деген чоң маселе бар. Инвестиция тартуу кыйын иш, оңой менен инвесторлор келе калбайт. Инвестор качан гана белгилүү убакыттын ичинде салган акчасын кайра кайтарып алууга көзү жетсе келет.

Мамлекеттик — жеке өнөктөштүк мыйзамы боюнча долбоорлордун мөөнөтү 30 жылга чейин белгиленген. Ар бир долбоор боюнча өзүнчө талдоо жүргүзүлүп, ошого жараша мөөнөт коюлат. Ал эми кайсыл компанияга берилиши тендер аркылуу белгилүү болот. Мамлекетке ыңгайлуу жана пайдалуу сунушту ким берсе, ошону тендердик комиссия жеке өнөктөш катары аныктап  алат. Мындай иштер аз убакытта жасалбайт, 10 — 12 ай ичинде талдоо иштери жүргүзүлүп бүтөт деген пландар бар. Бүгүнкү күндө Эл аралык каржы корпорациясы менен келишимге кол коюуга даярдыктар аяктап калды.

-Мындай иштерди баштоо үчүн жеке тарап мамлекетке кандай кепилдиктерди берет, мамлекет жеке тараптарга кандай кепилдиктерди берет?

-Албетте, мамлекет тараптан аларга шарт коюлат. Маселен, аэрозал комплексин же учуучу жаңы тилкелерди курушуңар керек деген сыяктуу шарттар жазылат. Ошондо ар бир катышкан компания өздөрү белгилеген мөөнөттүн ичинде эмне кураарын, канча инвестиция салаарын айтат. Түшкөн каражаттын 40/60, 50/50 же башкача болуп бөлүнөөрү ошондо билинет. Эл аралык тажрыйбаны алып көрсөк, аэропорттор мамлекеттик — жеке өнөктөштүккө берилгенден кийин мамлекетке түшкөн пайда 3 — 4 эсеге чейин жогорулайт экен.

Жогоруда айтып кеткенимдей, мамлекеттик мүлк менчикке эч качан берилбейт. Келишим иштеп жатканда да мамлекеттик өнөктүн долбоорду көзөмөлдөгөнгө милдеттери жазылат. Мыйзам боюнча жеке өнөк мамлекетке жыл сайын отчет берет. Ар жылы тышкы аудит өткөрүлөт. Андан сырткары ар бир долбоордо текшерүү механизмдери камтылат.

Ошондуктан, мамлекеттик — жеке өнөктөштүк механизмин жайылтуу зарыл, мындай иштешүү биздин экономиканы жана инфратүзүмдү жакшыртууга ыӊгайлуу деп ишенебиз. Ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорду бул механизмди колдонууга чакырып кетебиз.

Зина Бектурсунова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button