Коом

Коронавирустан каза болгон 27 жаштагы келин жакында эле эгиз төрөгөн

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү статистикасындагы каза болгон жети кишинин бири 27 жаштагы келин ооруканага кан басымы көтөрүлүп түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу айткан.

Аял кош бойлуулуктун 34-35 жумасында (сегизинчи айдын аягында) эгиз балдарды жарыкка алып келген. Келин буга чейин да эки жолу операция жолу менен көз жарган. Дарыгерлерге кош бойлуулуктун 30-жумасында гипертония менен түшкөнү айтылды.

«Башында анда вирустук инфекциянын клиникалык көрүнүштөрү байкалып, адистер менен консультация уюштурулган. Ал тапшырган эки ПЦР-анализ оору жок экендигин көрсөткөн. Операцияга чейин алынган рентгенограммада дагы дарттын белгилери байкалган эмес. Төрөгөндөн кийин тапшырган үчүнчү ПЦР-анализ гана вирус бар экендигин көрсөттү. Мындай жыйынтык ал каза болордон бир күн мурда чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Ымыркайлар борбордогу төртүнчү төрөт үйүндө. Гинекологдун айтымында, алар ара төрөлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button