Коом
Ак-Ордодогу окуя: Шектүү 2 айга камакта калтырылды

Борбор калаадагы Ак-Ордо-3 конушундагы эки жарандын өлүмүнө шектелип кармалган 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Шектүү 3-декабрга чейин камакта калтырылып, тергөө иштери улантылууда.
Айта кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта трагедиялуу окуя катталып, эки бир тууган бычакталган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгон. Каза болгондордун үй-бүлөсү оор күндөрдү баштан өткөрүп жатканы айтылууда. Каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.
Ички иштер министрлиги шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, аны табууга жардам бергендерге сый акы убада кылган болчу.



