Спорт
“Ак Шумкар” жолдоштук беттеште Индиядан утулуп калды
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы футбол боюнча жолдоштук беттеште Индиянын оюнчуларына 2:0 эсебинде утулуп калды.
Беттеш “Үч улуттун кубогу” турниринин алкагында Индиянын Импхал шаарындагы стадиондо өткөн.
Белгилей кетсек, буга чейин «Ак шумкарлар» Мьянманын командасы менен тең чыккан: 1:1.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Индияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө, ошондой эле “Үч улуттун кубогу” турнирине катышууда — Индиянын, Мьянманын жана Кыргызстандын.



