Коом
Акыркы суткада Кыргызстанда 73 медиктен COVID — 19 аныкталды
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 73 медиктен аныкталды. Бул турасында саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги Айнура Акматова, брифинг учурунда билдирди.
Аймактар боюнча: Бишкек — 31, Чүй -20, Ош -7, Ош областы — 7, Жалал-Абад — 36, Баткен — 3.
Бир суткада ооруканалардан 20 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Пандемия учурунан бери 994 медиктен илдет аныкталган, айыкканы — 484.



