Коом
Бишкекте автобустун айдоочуларынын көбү жол эрежеси боюнча экзаменден кулап калды

Бишкекте автобус айдагандардын жарымынан көбү жол эрежеси боюнча экзаменден кулап калды.
Сынакка 222 айдоочу катышып, 98и гана ийгиликтүү тапшырган.
Калган 124 айдоочу кайра экзамен берүүгө даярданып жатат. Алар борбор калаанын көчөлөрүндө тажрыйба топтоп жатат окшойт…



