Коронавирус. Кыргызстанга жардамга россиялык медиктердин тобу келатат
Россиядан Кыргызстанга РФнын Улуттук жүрөк-кантамыр хирургиясы медициналык иликтөө борборунун (НМИЦ) медиктери жардамга келатат. Роспотребнадзордун адистери менен бирдикте алар коронавируска каршы күрөшкө катышышат. Бул туурасында Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министригинин пресс-кызматы билдирди.
Борбордун директорунун милдетин аткаруучу Елена Голухова баш болгон НМИЦтин врачтары Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын өкмөтүнүн тапшырмасы менен командировкага жиберилди.
Россиянын саламаттык сактоо министрлигинде билдиргендей, келаткан адистердин багыты — жергиликтүү коллегаларына (кыргызстандыктарга) уюштуруу-методикалык жагынан жардам берүү, ошондой эле өтө оор оорулар боюнча консультация жасоо.
Коронавирус жайыла баштаган учурдан тартып эле Россия Кыргызстанга жардам бере баштаган. Маселен, коронавирусту лабораториялык диагностикалоо боюнча тесттерди берген.



