Коом

Каримова Самара Эрмековна — өмүр баяны

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

Үй-бүлөсү:

Атасы Эрмек Каримов аккордеондо ойноп, бир нече тилде обон созот. Кесиби боюнча орус тили жана адабиятынан мугалим. Музыкант катары Түштүк жергесине кадыр-баркы арткан инсан. Апасы Разия Шарипова КРдин ардактуу медициналык кызматкери. Самара сегиз бир туугандын жетинчиси. Алты эжеси жана иниси бар.

Жеке жашоосу:

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси. Жолдошу Аcан Мансуров адистиги боюнча музыкант. Иши: Ош улуттук С. Ибраимов атындагы театрда катардагы кызматкерден тартып директорлукка чейин көтөрүлгөн, андан соң Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси болуп кызмат өтөгөн. Жеке ишкер.

Билими:

Самара Каримова 1998-2009 — жылдары Өзгөрүш айылындагы Наргозу Батыров атындагы мектептен билим алган.

2014 — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин актерлук бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу:

2010-жылдан тарта Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театрынын актрисасы, жеке ырчы.

2016-жылдан бери «Самара» театралдык тобунун жетекчиси.

Акыркы жылдары актриса катары күчүн сынап келет. Ош улуттук С. Ибраимов атындагы драма театрдын «Илегилек» спектаклинде башкы ролду ойноп, 2017-2018-жылдары КТРКнын «Акшоола» телесериалына тартылган. 2018-жылы «Сен экөөбүз» фильминде башкы ролду — Жийдени ойногон.

Жетишкендиктери:

2014 — жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байге ээси. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.

2017 — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button