КоомСаясат

Кыргызстанда 1-июлда пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат – Садыр Жапаров

 Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, буга чейин пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.

«Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштоо чечими кабыл алынды. Минималдуу пенсиялык төлөм 6 миң 800 сомдон кем болбойт», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button