Окуялар

Ысык-Ата районунда калктын саламаттыгы үчүн кам көрүлүүдө (ФОТО)

Ысык-Ата районунда Covid-19 илдетин алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана калктын ден соолугуна кам көрүү боюнча иштер тынымсыз жасалып жатат. Ар бир айыл өкмөттө стационарлар уюштурулган.  

«Адал-Азык» жоопкерчилиги чектелген коому районго 4 даана кислороддук концентратор алып берди. Жергиликтүү калк дагы карап турбастан демилге көтөрүп жардамга кол сунуп жатышат. Ак-Кудук, Люксембург, Милянфан айыл аймагынын жашоочулары өздөрү акча чогултуп 2 даанадан, жалпы 6 кислороддук концентратор алышты. Учурда райондо жалпы 10 кислороддук концентратор бейтаптардын саламаттыгы үчүн колдонула баштады.

Райондук мамлекеттик администрациясы жардамга кол сунган кампаниялар менен тыгыз иш алып барып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button