Окуялар
Жарым жылда жол кырсыгынан 280 адам каза болду, анын 36сы балдар

Январь-июнь айларында 3 миң 59 жол кырсыктары катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айлык чыгарылышында айтылат.
Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү. Алардын эң көп үлүшү Бишкек ш. (43,9 пайыз), Чүй (20,3 пайыз) жана Ош облустарына (10,1 пайыз) туура келди.
Быйыл жол кырсыгына жабыркагандардын саны 1,1 пайызга (4464 адам), каза болгондор 4,1 пайызга (280 адам) өстү.
Балдар катышкан жол кырсыгы 5 пайызга көбөйдү, анда 900ү ар кандай жаракат алып, 36сы көз жумду.



