Окуялар

Кара-Суу районунда токтоп турган “Лексус GX 470” унаасын уурдай качкан шектүү кармалды (ФОТО)

2020-жылдын 4-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн  криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан автоунаа каржатын айдай качууга шектүү  жаран кармалды.

2020-жылдын 3-июль күнү  Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургуну 1970-ж.т. Б.У. арыз менен кайрылган.  Арызда: 2020-жылдын 3-июль күнү саат 20:30 чамасында, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылынын жашоочусунун турак жайынын короосу тосулган дубалдан ашып өтүп, терезе аркылуу үйдүн бөлмөсүнө кирип, терезеде турган ачкычты алып, турак-жайдын гаражында турган күмүш түстөгү “Лексус GX 470” үлгүсүндөгү авто унаасын эч кимге билдирбестен, жашыруун түрдө айдап чыгып  кеткен.

Бул окуя Кара-Суу РИИБдин КЖБР катталып, КРнын ЖКнин 206-беренесинин (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүш иши башталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иш чараларынын натыйжасында авто унааны айдап башкарып жүргөн Отуз-Адыр айылынын тургуну 1998-ж.т  Г.А кармалды. Ал жеӊил акча табуу масатында ушундай ишке баргандыгын билдирген. Кылмышка шектүү азыр учурда Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалы жүргүзүлүүдө. 

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button