Казармандын ооруканасына ИВЛ аппарат берилип, оорукананын жылуулук системасы жаңыланат

Тогуз-Торо райондук ооруканасында заманбап ИВЛ аппараты пайда болот. Компания буга чейин Казармандын тургундарына социалдык пакеттин алканында жардам берип келет.
Коронавирус пандемиясынын жайылышан улам социалдык пакеттин пункттарын өзгөртүү чечимин кабыл алды.

«Бул жардамдын алкагында «Макмал Голд компани Тогуз-Торо райондук ооруканасына ИВЛ аппарат сатып берет, имараттын жылуулук системасын ондотуу үчүн гуманитардык жардам катары 250 миң сом бөлунот. ИВЛ аппарат кымбат туруп, Кыргызстандын аймагында сатылбагандыктан чет өлкөдөгү медициналык жабдык саткан таанымал компаниядан атайын заказ менен алынат. Ошондой эле гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясын жугузгандарды дарылоо үчүн керектүү дары-дармек алынып келмекчи. Андан сырткары, тамчылатма укол үчүн штативдерди сатып берди. «Макмал голд компани» компаниясы райондук ооруканага эки кычкылтек концентраторун сатып берген.




