Коом
Өлкөбүздө гепатит оорусунан дарыланып жаткан 13 миң адамдын ичинен 4641 адам айыкты

Кыргызстанда 2023-2024-жылдары вирустук гепатитке 1,97 млн изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Республиканын жарандарын гепатиттин B түрүнөн эмдөө 2023-жылдан тарта башталган. Жалпысынан 13 миңден ашуун бейтап дарылана баштаса, алардын ичинен 4641 адам толугу менен айыгып чыкты. Дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Каржылоо:
2023-жылы — 144 млн сом;
2024-жылы — 100 млн сом;
2025-жылы — 372 млн сом.



