Коом

Өмүрбек Бабанов: Кара пиарды жасоону токтот! Дары кампасы мага таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок!

Кечээ Бишкек шаарындагы дары-дармек саткан дарыканалардын биринин кампасынан учурга керектүү дарыларды сатыкка чыгарбай катылганы тууралуу маалымат тараган. Бул кампа кайсы дарыканага тиешелүү экендиги ачык жарыяланган эмес. Бирок, айрым маалымат каражаттары катылган дарылардын кампасы саясатчы Өмүрбек Бабановго тиешеси бар деген маалыматты жарыялаган.  Бул тууралуу Ө.Бабанов өз пикирин  социалдык тармакка жазды. Бабановдун жазганы эч өзгөрүүсүз беребиз.

Калп канчалык чоң болсо, ошончолук бат таркайт!

Кара пиарды жасоону токтот!
Андан көрө, муктаж болгондорго жардам бергиле!

Фейсбукта жана айрым сайттарда дары-дармек склады мага тиешелүү деген жалган маалыматты таркатып башташты.

Эмне үчүн минтип алдап жатасыңар?

Биздин доктурлар ар бир адамдын өмүрү үчүн, мекендештерибиз ар бир дем үчүн күрөшүп жатышканда, мындай кыянаттык менен калпты колдонууга болобу?

Социалдык тармактарда отурган жана жалган материалдарды бөлүшкөндөрдүн баарына мен айткым келет. Азыр адамдардын эмоциясын кыянаттык менен пайдаланган учур эмес! Азыр чындыкты айтыш керек!

Дары кампасы мага же менин туугандарыма таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок!

Таң калганым, каржы полициясы жана өкмөт бул кампалар кимге таандык экендигин эмнеге дароо ачык билдиришпейт? Көбүнчө алар тез эле аттарын аныкташат, эмне үчүн азыр унчугушпайт? Кимге таандык экенин расмий түрдө тезинен жарыя кылыштары керек, болбосо чоң суроолорду жаратып жатышат.

Склад да, бул дары-дармектер да мага же эжемдин компаниясына эч кандай таандык эмес! Бирок элге чыгарбай катып жатышкандыктан аларды конфискациялап, элибизге бекер таратуу керек!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button