УКМК: чет өлкөлүк жарандарга медициналык документтерди мыйзамсыз бергендер аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында козголгон кылмыш ишинин алкагында медициналык документтерди мыйзамсыз даярдоо каналынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жалпы дарыгердик практика борборлорунун биринин кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга медициналык кароодон иш жүзүндө өткөрбөстөн жана алардын катышуусуз, акчалай сый акы үчүн №086 формадагы медициналык маалымкаттарды системалуу түрдө мыйзамсыз тариздеп келишкендиги аныкталды. Аталган маалымкаттар кийин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдаштыруу максатында пайдаланылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында медициналык мекеменин кызматкери А.А.З. жана чет өлкөлүк жаран Ш.Д. кармалды.
Учурда чет өлкөлүк жаран КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, күнөөлүү кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө иш-чараларынын комплекси улантылууда.



