Бишкекте коомдук жайда уруша кеткен эки кыз жоопкерчиликке тартылды

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда коомдук жайда жаңжалдашкан эки кыз жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда эки кыздын бири-бирин сөгүп, урушуп жаткан видеосу табылган. Текшерүүнүн алкагында чыр-чатактын катышуучуларынын өздүгү такталып, алар Н.Н. жана И.А. аттуу жарандар экени аныкталды.
Эки тарап тең милиция бөлүмүнө жеткирилип, териштирүүнүн жыйынтыгында аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине («Майда бейбаштык») ылайык административдик протоколдор түзүлдү.
Укук коргоо органдары жарандарды коомдук жайларда тартипти сактоого, өз ара сый-урмат көрсөтүүгө жана ар кандай келишпестиктерди күч колдонуу же орой сөздөр менен чечүүдөн алыс болууга чакырат.



