Окуялар
Таласта 26 жаштагы жигиттин аеосуз сабалышы: дагы үч киши кармалды

Таласта 26 жаштагы жигиттин аеосуз сабалашы боюнча дагы үч адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Алар аталган шаардын тургундары, бардыгы тең 31 жашта экенин кошумчалашты.
Эске салсак, 20-ноябрга караган түнү Талас шаарындагы көчөлөрдүн биринде алдын ала даярданып алган бир нече адам 26 жаштагы жигитти темир жана таяктар менен сабаган. Буга чейин милиция 31 жана 32 жаштагы сегиз шектүү кармалганын билдирген.
Бул факт боюнча алгач иш «Бейбаштык» беренеси менен козголуп, кийин «Адам өлтүрүүгө аракет кылууга» өзгөртүлгөн.



