Окуялар

ЖКККББ: Пандемияга байланыштуу Ош шаарынын ЖКККБда бир гана кызматкер иштеп жатат деген маалымат жалган

Азыркы учурда Ош шаарынын ЖКККБда штаттык режимде 27 кызматкер иштеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдирди.

“Ушуга байланыштуу, ИИМдин ЖКККББ расмий билдирет, социалдык тармактарда Ош шаарынын   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө пандемияга байланыштуу бир гана кызматкер калып, учурда иштеп жаткандыгы жөнүндө  тараган маалымат чындыкка дал келбейт.  

Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратпоону жана расмий маалыматтарды гана пайдаланууну суранабыз,”- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button