«Чоң казаттын» «чокчолой» баатырлары…

Азыркы пандемия бγтγндөй дγйнөнγн, жалпы адамзат цивилизациясынын баалуулуктарын тγп тамырынан өзгөртө турган болуп калды окшойт. Буга чейин адамдардын дээрдик көпчγлγгγ ачкөздөнγп, дγнγйө-байлыктын артынан сая тγшγп келген элек. Бирок эгерде кокус бул илдетти жуктуруп алган болсоң, акчаңдын бар-жогуна, ээлеген кызматыңа карабай тургандыгына кγбө болуп жатабыз. Буга арабыздан аттуу-баштуу, акчасы да, атагы да жетиштγγ деген адамдарыбыздын илдеттен улам көз жумгандыгы далил.
Бул маселени, тактап айтканда кимдин канча акчасы бар экендигин айтпай деле койсом болот эле, анткени каза болгон замандаштырыбыздын ансыз деле кан жутуп турган жакындары γчγн бул нерсе жарасын чукугандай эле иш болот (олигарх аталып жγргөн экс-спикер Ч.Турсунбековдун кайтыш болгондугунан Сейит Атамбаевдин саясый упай топтоо аракети буга далил).
Бирок айтпай койсок да болчудай эмес. Анткени айрым адамдар «бийлик «массондордун» заказы менен атайын бул илдетти жайылтып, элди оорутуп, оорутмак тургай кызылдай эле кырып жатат. Ал γчγн «5G» γлгγсγндөгγ интернет тармагын колдонот экен. Ошондуктан «5G» орнотулган зым-карагайдын баарын кыркыш керек» деп чакырыктарды жасап жатышат.
Таппасаң сыйпалап кал дейт мындайда. Анткени «5G» γлгγсγндөгγ интернет Кыргызстанга жете элек. Жакында жетээринен шегим бар. Муну адистер айтып жатып тили деле тешиле турган болду. Бирок ага ынабай, зым-карагайдын баарын кыркабыз деп тетирленгендер четтен чыгууда.
Мындай тγркөйлγктγ кат-сабаты жоюла элек, караңгы адамдар айтса тγшγнсөк болот эле. Бирок бγт дγйнөнγ тумоо каптап, калың эл капсалаңга тγшγп турган учурдан пайдаланып калайын деген саясатчы сөрөйлөрдγ кантип тγшγнөбγз?!
Маселен, «Чоң казаттын» чоңдору – С.Жапыкеев, М.Мамытканов жана К.Хасановдун атынан сγйлөп, Нарын облусунун координаторумун деген Гулмира Кыштообаева «5G» γлгγсγндөгγ интернет тармагын талкалап жок кылалы, болбосо баарыбыз кырылып калабыз» деп элди γгγттөп жγрөт. Г.Кыштообаеванын ою боюнча кыргыз бийлиги муну атайын кылып жаткан имиш. Ошол себептен бул бийликке каршы туруш керек экен.
Болбосо бир карасаң акыл-эс токтоткон инсандар – бири прокурор, бири адвокат, бири атайын кызматтын адамы деп жаткан «Чоң казаттын» чоңдору эптеп эле элди бийликке каршы тукуруу γчγн ушундай тактикага өтγшкөн окшойт. Же чындап эле «5G» технологиясы «Ковид-19» илдетин жугузуп жатат деген жомокко ишенип алышкан болду бекен? Айтор Г.Кыштообаева баш болгон «чокчолой баатырлары» ушундай амал менен элди толкутуунун аракетин көрγп жатышса, шайлоо башталса кантишээр экен?!
Бактыбек Асырандиев



