Саясат

Мадумаров каза болгон атактуулардын атын жамынып пиар кылгандан уялбайбы?

Демейде тили буудай кууруган Адахан Мадумаров, бүгүн кыргыз элинин башына мүшкүл иш түшүп, оор кырдаалды башынан өткөрүп жатканда дымы чыкпай, карааны көрүнбөй калды.

Бул саясатчынын элге чыгып, адатынча бал тилге салып же тилинен заар чачып сүйлөгөнгө абийири дагы жол бербей жатса керек. Себеби, дүйнөнү апаат каптап, коронавирус деген оору жайылып жатканда, так ушул Мадумаров чыгып алып “ишенбегиле, бул деген бийликтин ойдон чыгарган оюну. Врачтар калп эле оору жугузуп алдык деп 200 миӊ сомдон алып жатыптыр. Андан көрө көчөгө чыккыла, кошунаныкына кирбей, эл менен саламдашпагыла деп атат, мындай болбойт”-деп сүйлөгөн болчу. Мадумаров вирустун жайылышына мындай эле эмес, физикалык жактандагы салым кошкон.

Эсибизден чыга элек, тактап берип коелу. Мамлекет өз убагында чара көрүп, карантин жарыялап, оорулууларды дарылап, айыктырып чыгарган. Андан соӊ, саясий толкундоолор күчөп, аны менен катарлаш Россиянын аймагындагы мигранттар Кыргызстанга алып кетүү талаптарын коюп баштады. Башка мамлекеттин жарандары, мисалы Тажикстан, Өзбекстандын калкы мындай талаптарды койгон жок.

Мигранттардан саясий упай чогулткусу келген Мадумаров, Токтайым Үмөталиева сыяктуу популисттер “бийлик элин талаага таштады, бийлик элин тентитти, алып келбесе болбойт, кыргыз качан талаада калчу эле”-деген козутууларды кылды. Өчөшкөнсүп мигранттар дагы талаага жатып алып, келебиз деп коркутууга өтүштү. Мындай кырдаалдан ар бир экинчи популист саясатчылар, “Чоӊ Казат” сыяктуу бекерчилер пайдаланышты.

Акыл эстүү жана Россияда болуп өткөн коронавирустун кесепетин көрүп калган мигранттар “айланайындар, Кыргызстанды аягыла. Биз ооруп айыктык. Вирус ташып барып, ал жактагы туугандарыӊарды, ата-энеӊерди оорутпагыла. Токтогула, чыдагыла, барбагыла!”-деп кайрылышты. Эч ким уккан дагы жок. Себеби, аларды Мадумаров жана Үмөталиева сыяктуу популисттер саясий упай топтоо үчүн дээликтирип коюшкан болчу.

Аргасыз калган мамлекет органдары аларды Кыргызстанда миӊдеп алып келе баштады. Келгенден кийин обсервацияда тынч жатпай, врачтарды сабап, үйлөрүнө качып кетишти. Миллиондогон мигранттардын атын булгап, саналуу миӊдеген мигранттар вирустун жайылышына себепчи болушту. А болбосо, Кыргызстан өз убагында карантиндин эрежелерин сактап, курмандыксыз чыгып кеткен болчу.

Мына ушундай бузукулукту кылган Мадумаров, бүгүн элге чыгып сүйлөй албай отурат. Коронавирустун жайылышына маалыматтык жана иш аракети менен салым кошкон Мадумаров эми эмне деп, кайсы бети менен элге чыгат эле?

Бирок, ал кишиде уят, моралдык жоопкерчилик деген жок сыяктуу. Акыл эси ордунда адамдардын бары саламаттык үчүн каражат топтоп, элге жардам берип жатса, Мадумаров күздө боло турган парламенттик шайлоого каражат чогултуп, мигранттардын калтасын кагып жүрөт. Россиядагы Мадумаровдун өкүлдөрү өздөрү кыйналып жаткан мигранттарга дубаначылык кылып, тыйын топтоп жатышат.

Мадумаров өзү кайда? Ал үйүндө. Каза болгон атактуу адамдардын атын жамынып пиар кылуу менен алек.

Мындан мурдараак каза болгон Элмирбек Иманалиевдин атын жамынып, “Мени колдойун деп жатты эле, бизге кошулганы жатты эле, партияны колдойм деди эле”-деп түз эфирге чыгып алып сайраган.

Эми, Чубак Ажы кайтыш болгондон кийин, вотсап аркылуу сүйлөшкөн үнүн таратып, “Чубак Ажы Мадумаровго кошулам деген экен”-деп упай чогултуп жатат.

Чубак Ажы ал элдин, мусулмандын бары менен жакшы эле. Ал эч кимди капа кылчу эмес жана көӊүлүн калтырчу эмес. Аны бир канча жолу саясатчылар өздөрүнө тартууга аракет кылган, бирок бир дагы жолу шайлоого катышып же бир партиянын курамына кирген эмес. Ал адептүү жана жан дүйнөсү таза инсан катары – жакшы үмүт, жакшы тилек билдирип койчу. Аны Мадумаровго окшогон саясатчылар өзүнө упай топтоо үчүн колдонгону уят.

Мадумаров каза болгон атактуулардын атына жабышпай, элге чыгып, кетирген күнөөлөрү, азыркы абалдын түзүлүшүнө кошкон салымы үчүн кечирим сурасын. Бүгүн адамзатты сактап, өз өмүрүн кыйып жаткан врачтарга шек келтирип, “200 миӊ сомдон алып, калп эле ооруп жатат”-деген сөзү үчүн кечирим сурасын!

Токтот Мадумаров, бирөөнүн атына жамынып пиар кылганды жана мигранттардын акчасын сукулдап чогултканды! Эл азыр кыйналып турат, чындап эле элге күйгөн болсоң азыркы учурда элге жардам бер, жылуу үйдө отуруп алып элдин башын айлантпай!

Касымбек Абакиров

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button