Августтун ортосунан орустардын коронавируска каршы вакцинасы жарандык пайдаланууга берилет

Россиянын коронавируска каршы вакцинасы биринчи кезекте мугалимдерге, улгайган адамрга, ошондой эле жабык коллективдерде жашап жана иштеп жаткан жарандарга сайылат. Бул тууралуу ТАСС менен аңгемелешкенде Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин Н. Ф. Гамалей атындагы эпидемиология жана микробиология Улуттук илим изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург маалымдады. Анын сөзү боюнча, бул маселени Россиянын саламаттык сактоо министрлиги чечиш керек.
Бирок, мугалимдерди, пенсионерлерди, ошондой эле казармаларда, жатаканаларда жашашып, бир аба менен дем алгандарды, курулуштагы жумушчуларды биринчи кезекте эмдөө өтө зарыл.
Ушуну менен бир катар окумуштуу чоңдор үчүн вакцина менен балдарды эмдөөгө болбой турганын айтты.
Чоңдордун арасында оң натыйжа алынгандан кийин, жарым жылдын ичинде балдар үчүн COVID-19га каршы вакцинанын сыноосу башталат.
Окумуштуу бул анын көз карашы эмес, мыйзам ошондой экенин айтты.Азыркы учурда борбор документтерди даярдап жатат, чоңдорду эмдөөнүн тажырыйбасына карата педиатрлар менен бирдикте балдарды эмдөөгө өтүү үчүн.
13- июлда Гамалей борборунун директору Александр Гинцбург биринчи орус вакцинасы августтун ортосунан тартып жарандык пайдаланууга чыгарылат деп билдирген болчу.



