Коом
Кыргызстанда 1108 кишиден илдет аныкталды. 44 бейтап көз жумду
2020-жылдын 22-июлуна карата республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония дагы 1108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин аттыкты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Бектургановна Акматова билдирди.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 324, Ош шаарында— 112, Чүй областында — 176, Ош областында — 110, Талас областында — 61, Нарын областында — 35, Ысык-Көл областында — 229, Жалал-Абад областында — 93, Баткен областында — 58 учур катталды.
Кыргызстанда тумоого кабылгандардын саны 29 миң 359 кишиге жетти.
Акыркы суткада 44 бейтап каза тапты.
Бир суткада 984 адам айыгып чыкты, жалпы сакайгандар 15851 адамды түздү.



