Коом
Кыргызстанда 967 кишиден илдет аныкталды. 46 адам көз жумду
2020-жылдын 23-июлуна карата республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония дагы 967 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин аттыкты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Бектургановна Акматова билдирди.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 202, Ош шаарында— 100, Чүй областында — 94, Ош областында — 133, Талас областында — 36, Нарын областында — 41, Ысык-Көл областында — 138, Жалал-Абад областында — 134, Баткен областында — 63 учур катталды.
Кыргызстанда тумоого кабылгандардын саны 30 миң 126 кишиге жетти.
Акыркы суткада 46 бейтап каза тапты.
Бир суткада 1031 адам айыгып чыкты, жалпы сакайгандар 16791 адамды түздү.



