Окуялар

Чагылган футболчунун моюнуна тийип, согончогунан чыгып кеткен (видео)

Россиянын  «Знамя Труда» футболдук клубунун дарбазачысы Иван Заборовский Артем Локаловдун YouTube-каналына берген интервьюсунда, тренировканын учурунда ага кантип чагылган тийгенин  айтып берген. Бул туурасында 23-июлда Lenta.RU маалымдады.

Заборовский чагылган тийген учурду эстей албайт.«Үрөй учраарлык, анан жагымсыз… Моюнумда чынжырым ээрип кеткенден пайда болгон майда тактар калды. Чагылган согончогумдан чыгып кеткен – чекиттер турат. Контузиядан бир жак кулагым укпай жатат», — деп сүрттөп берген ал, чагылган тийгенден кийинки окуяны. Футболист кайрадан команда үчүн жан аянбай иштөө планы бар экенин кошумчалаган.

Дарбазачы Иван Заборовский

21-июлда Заборовский «Знамя Труда» клубу менен өзүнүн биринчи профессионалдуу  контракттын түздү. Спортчу менен келишимдин финансылык аки-чүкүсү айтылган эмес.  

Чагылган Заборовскийге 5-июлда тийген. Футболчуну  реанимацияга жаткырышып, жасалма комага түшүрүшкөн. Эки күндөн кийин 16 жашар оюнчу эсине келген.

https://youtu.be/24s4Uhj4Ti0?t=27

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button