Коом

Республика боюнча “АвтоУраган” стационардык комплекстер ишке киргизилди

“АвтоУраган” автоматтык видео көзөмөлдөө тутуму Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоо жана издөө иш-чараларын издөөгө багытталган. Бул тутум бардык климаттык чөлкөмдө, унаа жолдорунда жана көчө кесилиштерде унаалардын кыймылын көзөмөлдөөдө активдүү колдонулат.


Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан “АвтоУраган” стационардык видеокамералары орнотулуп, көзөмөлгө алынды.
Алар, Нарын облусундагы “Сары-Чат” постунда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Чүй облусунун аймагындагы Сосновка айылында, Ош облусунун Өзгөн шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай шаарында орнотулуп, ишке киргизилди.
“АвтоУраган” мурда каттоосу токтотулган издөөдө жүргөн унаа каражаттарын, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен унаа каражаттарын жана айдоочуларды аныктоо жана издөөнүн натыйжалуу куралы болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button