Дүйнө

Байыркы кол жазмаларда азыркы антибиотиктерден да күчтүү табигый дармек табылды

Бул дары айрыкча буттун бактериядан жабыр тартуусунан өтө натыйжалуу айыктыра алат.

IX кылымдагы  англиялык медициналык китепте антибиотикти толук алмаштыра турган дарынын рецептти берилген, деп айтышты Британиялык изилдөөчүлөрдүн командасы. Бул туурасында 29-июлда Новости Mail.ru маалымдады.

Байыркы табигый дармек каражаты пияздан, сарымсактан (чеснок), ак шараптан жана уйдун өтүнүн суюктугунан куралган да, адегенде көздүн бальзамы деп саналган. Анын сыпатталышы Лондондогу Британиянын китепканасында сакталып турган  Medicinale Anglicum кол жазмасында келтирилген.  

Окумуштуулар бул дармек кант диабетинин айынан пайда болгон буттун жугуштуу дарттарын жана муундардын ооруларын дарылоодо өтө күчтүү антибактериалдык потенциалга ээ деп эсептешет. Бул тууралуу алардын Scientific Reportsке жарыялаган иликтөөсүндө айтылган.

Окумуштуулар эчактан бери эле антибиотиктерге альтернатива издеп келатышат. Анткени, антибиотиктерге туруштук берүү да улам өсүп жатат. Бул табигый көрүнүш, себеби улам барган сайын бактерияларда аларга каршы күрөшүү үчүн чыгарылган дары-дармектерге туруштук берүү да күчөй берет. Бактериялардын дары-дармектерге туруштук берүүсү арткан сайын, дарылоочу каражаттардын эффективдүүлүгү азайып, ал түгүл алардын биротоло таасирин жоготуусуна алып келет. 2050-жылга карата антибиотиктерге туруштук бөрүүчүлүк өөрчүп олтуруп, натыйжада жыл сайын 10 миллион кишиден набыт боло башташы мүмкүн.

Британиялык команда алдын ала иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн. Кийинки этап — адамдарга тестирлөөнү баштоо болчу, бирок пандемияга байланыштуу ал процесс артка жылдырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button